Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Белгилүү болгондой, ушул жылдын июль айында укук коргоочуларга шаар тургуну арыз менен кайрылган. Анда Э.Н. аттуу жарандын апасына операция жасатууга каражат керек болуп жатканын айтып, жабырлануучунун ишенимине кирип 2 миң доллар жана 35 миң сомун алып кеткени айтылган. Кийинчерээк, баланын апасына операция мурда эле жасалганы белгилүү болгон.
"Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 204-берене (алдамчылык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү делинип 1997-жылы туулган Э.Н. колго түшүрүлдү. Учурда кармалган жарандын мындан башка дагы кылмыш иштерине катыштыгы бар же жок экендигин аныктоо иштери жүргүзүлүүдө", - дешти мекемеден.