Чүйдө 15 жаштагы өспүрүм кокусунан өзүнө карата ок чыгарып алды

Чүйдө өспүрүм кокусунан өзүнө карата ок атып алды. Учурда бул иш боюнча сотко чейинки өндүрүш иши жүргүзүлүп жатканын Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, 13-декабрда Кемин РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Кызыл-Октябрь айылындагы турак үйлөрдүн биринде жашы жете элек бала октон жаракат алды деген маалымат келип түшкөн.

"Жерине барган милиция кызматкерлери 2005-жылы туулган өспүрүм гаражда турган куралды алып, кокусунан өзүн атып алганын аныкташты. Өспүрүм алган жаракатынан улам аймактык ооруканага жеткирилген. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө баланын атасы сурак берген. Анда окуя орун алардан 2 күн мурда өспүрүм куралды жайыттан таап келгенин, атасы өз кезегинде патрондорду алып, ок атуучу куралды гаражга катып койгонун билдирген. Учурда окуянын бардык жагдайлары тергелип, тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат. Ошондой эле экспертизалар дагы дайындалды", - дешти мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан