Чүйдө аёосуз сабалган 6 жашар баланын окуясы: Билдирүү түшөрү менен дароо чара көрбөгөн кызматкерлерге тартиптик жаза берилди

Чүйдө аёосуз сабалган 6 жашар баланын окуясына байланыштуу бир катар кызматкерлерге тартиптик жаза берилди. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, 20-ноябрда интернет булактарына жарыяланган, Сокулук РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө жашы жете элек өспүрүмгө өгөй атасы зомбулук көрсөткөнү тууралуу билдирүү түшкөндүгү, жерине милиция кызматкерлери 5-6 сааттан кийин барганы тууралуу материал Башкы прокуратурага жиберилген. Бул боюнча Чүй облусунун ички иликтөө кызматы жана Чүй ОИИББи тарабынан кызматтык иликтөө жүргүзүлгөн.

"Кызматтык иликтөө учурунда Сокулук РИИБинин коомдук коопсуздук кызматынын кызматкери, нөөмөт бөлүмдүн ага нөөмөткери, тескөөчүсү, милициянын капитаны Д.Т.га сөгүш берилип, анын жардамчысы милициянын ага сержанты Н.Н.га кызмат учурунда кетирген кемчиликтери үчүн эскертүү берилген. Ал эми Сокулук РИИБинин Новопавловка аймактык милиция бөлүмүнүн жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспектору, милициянын майору К.К. келип түшкөн маалымат боюнча өз убагында чыгуу жасабай, коргоо ордерин бербегендиги үчүн ага да эскертүү тартиптик жазасы берилди.

6 жаштагы баланын сабалышына байланыштуу сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында дайындалган соттук-медициналык экспертизанын корутундусу даяр болгон соң, толук кандуу юридикалык чечим кабыл алынат", - деп жазылат маалыматта.

Окуянын чоо-жайы:

18-ноябрда Бишкек шаарынын Октябрь РИИБине 25 жаштагы келин кайрылган. Арыздануучу 33 жаштагы күйөөсүнө карата чара көрүүнү өтүнгөн. Айтымында, 18-ноябрга караган түнү жолдошу эч себепсиз эле 6 жашар баласынын денесине залал келтирген.

Аталган факты Октябрь РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 75-берене (үй-бүлөлүк зомбулук) менен катталып, иш андан кийин аймактык, тагыраагы, Сокулук РИИБине өткөрүлүп берилген. Ал эми баланын алган жаракаттарынын деңгээлин аныктоо үчүн тиешелүү экспертизалар дайындалган.

23-ноябрда Чүй ОИИББинин маалымат кызматы аталган ишке шектелген жаран кармалып, Сокулук РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин билдирген.

Кийин жабырлануучу тараптын жактоочусу Шердор Абдыкапаров баланын апасы күйөөсүнө карата тосмо арыз жазып бергенин, баланы №3 ооруканадан 21-ноябрда таенеси чыгарып, Нарын облусунун Ат-Башы районуна алып кеткендигин билдирген. Жактоочу сабалган 6 жаштагы баланын апасы "окуяны оюмдан чыгарып койгом" деп өз көрсөтмөлөрүнөн баш тартып, күйөөсүнө болушуп баштаганда жактоочу болуудан баш тартканын билдирген.

2-декабрь күнү жактоочу баланын апасы андан баш тартканын билдирип, камкордук толугу менен апасына (баланын таенеси) өткөрүп бергенин кабарлаган. Бирок көп өтпөй социалдык өнүктүрүү министрлиги бул маалыматты четке кагып, апасы баласынан баш тартпагандыгын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан