Чүйдө кокусунан өзүн атып алган 15 жаштагы өспүрүм ооруканада каза болду

Буга чейин Чүйдө өспүрүм кокусунан өзүнө карата ок атып алганы, ал алган жаракатынан улам аймактык ооруканага жеткирилгени кабарланган.

Өспүрүм 15-декабрга караган түнү саат 01:00дө ооруканада каза болду. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан ырасташты.

Белгилей кетсек, окуя 13-декабрда Кызыл-Октябрь айылында орун алган. Анда өспүрүм гаражда турган ок атуучу куралды алып, кокусунан өзүнө карата ок чыгарып алган.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө баланын атасы сурак берген. Анда окуя орун алардан 2 күн мурда өспүрүм куралды жайыттан таап келгенин, атасы өз кезегинде патрондорду алып, ок атуучу куралды гаражга катып койгонун билдирген. Бул иш боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kattaldym
2020-12-15 17:54:56
Патронду "ок" деп которо албай койдуңар ээ такыр эле?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан