Бишкек шаарында алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына А.А. аттуу жаран 2019-жылдын 3-февралында Байтик баатыр жана Максим Горький көчөлөрүнүн кесилишинде турарын билдирген жаран, биргелешкен ишкердикти баштоону шылтоолоп, 420 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып, берген убадасын аткарбай, жашырынып жүргөн К.А.га карата чара көрүүнү өтүнүп арыз менен кайрылган. Бул факты Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
"Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмыш фактысына шектелип, 1962-жылы туулган К.А. аттуу жаран кармалып, тергөөгө алынган. Учурда шектүүнүн ушул сыяктуу кылмыш фактыларына тиешеси бар, жок экендигин аныктоо иши улантылууда", - деп билдирет маалыматта.