Курамында кыргызстандык футболчусу бар орусиялык “Химик” клубу улуттук футбол лигасынын 15-турунда жеңилип калды

Курамында футбол боюнча Кыргызстан курама командасынын оюнчусу Валерий Кичин ойногон орусиялык “Химик” клубу 1-октябрь күнү өткөн Улуттук футбол Лигасынын алкагынын 15-турунда жеңилип калды. Валерий Кичиндин “Химик” командасы “Уфа” клубу менен беттешип 2:1 эсебинде жеңилди. Валерий Кичин талаа үстүнө алгачкы мүнөттөрдө чыгып, оюн бүткөнчө алмаштырылган жок. Бул оюндан кийин “Химик” клубу 22 упай менен 8-орунду ээледи.

Айта кетсек, Валерий Кичин Кыргызстан курама командасынын көзгө басар оюнчуларынын бири. Көптөгөн орусиялык футбол адистеринин айтымында, Валерий Кичиндин ойноо деңгээли Орусиянын
Премьер-лигасында ойногон оюнчулар менен барабар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан