Жалал-Абадда бир топ дүкөндөргө уурулукка кирген шектүү кармалды

Жалал-Абад облусунда бир топ дүкөндөргө уурулукка кирген шектүү кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Сузак районунун жана Жалал-Абад шаарынын 3 тургуну арызданышып, дүкөндөрүнөн түнкү убакыттарда акча жана товарларын белгисиз кылмышкерлер уурдап кетишкендигин билдиришкен.

Аталган фактылар Жалал-Абад ШИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 1993-жылы туулган О.Н. кармалып, тергөөгө камсыздалган.

Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү 2020-жылдын 11-октябрынан 4-ноябрга чейинки аралыкта Жалал-Абад шаарындагы «Корзинка», «Баяман», «Үй-бүлөлүк» кичи маркеттерине, «Чолпон», «Шириндик» аттуу дүкөндөргө түнкү саат 02:00дөн 06:00гө чейинки аралыкта уурулукка кирип жүргөндүгү белгилүү болгон. Ал алдын ала даярданып, асынма капчыгына кийим салып, жанына дайыма атайын арматура алып, бет кап тагынып, кылмыш кылган жерден сигареттерди, кассада турган акчаларды жана башка нерселерди уурдап кетип жүргөн.

Шектүү тергөөнүн жүрүшүндө дүкөндөргө кандай жолдор менен киргендигин жана эмнелерди алгандыгы тууралуу жеринде айтып берген. Азыркы учурда ал убактылуу кармоочу жайга 2 айга киргизилип, тергөө жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан