Жалал-Абад облусу Кара-Көл шаарында жеңил унаа сууга түшүп кетип, 3 адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 15-декабрь күнү саат 09:08 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 404-чакырымында Mazda Demio жеңил унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, унаа жолдон чыгып сууга түшүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен 3 эркек киши жабыркаган.
Жерине ӨКМнын №94 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары тартылып, жабыркаган адамдарды унаадан чыгарып, "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Жабырлануучулардын абалдары орто.