Ош шаарында 35 кылмыштын бети ачылды

Ош шаарында жакынкы аралыкта 35 кылмыштын, анын ичинде 5 уурулук, 12-алдамчылык, 8-тоноо фактыларынын бети ачылып, издөөдө жүргөн 2 жаран табылып, 14 соода-түйүн комплекстери, эс алуу жайлары жана башка мекемелер текшерилди. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ички иштер органдарына аты-жөнүн тактоо үчүн 31 жаран, анын ичинен 4 чет өлкөлүк жаран жеткирилди.

Ош облусунун аймагында ички иштер органдары 11 кылмыш ишинин, анын ичинен ыпластык аракеттер-1, уурулук-1, алдамчылык-4, тоноо-1, адам уурдоо-1 фактысынын бетин ачышты. Дайынсыз жоголгон 1 адам табылды.

Иш-чара учурунда 18 объект текшерилип, ички иштер органдарына аты-жөнүн тактоо үчүн 48 жаран текшерилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан