Эл аралык издөөдө жүргөн Өзбекстан жаранына кыргыз паспорту берилгендиги аныкталды

Мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн жаранга паспортту мыйзамсыз берүү фактысын аныкталды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Өзбекстанда "өлкөнүн конституциялык түзүлүшүнө кол салуу" беренеси менен соттолгон Хомидов Нематжон Сомиевич Кара-Суу шаарына каттоого тургузулуп, кыргыз паспортуна мыйзамсыз ээ болгон.

"Финполдун Кара-Суу, Алай жана Чоң-Алай райондору боюнча бөлүмү тарабынан паспорт берүү учурунда мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн чет элдик жаранга мыйзамсыз паспорт берүү фактысы аныкталды. Тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө паспорт алган учурда аталган чет өлкөлүк жаран 7 жылдан бери өлкө аймагына кирбей жүргөнү белгилүү болду. Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, Хомидов Нематжон Сомиевич мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн жана Өзбекстан Республикасында "Республикасынын конституциялык түзүлүшүнө кол салуу" беренеси боюнча соттолгон.

Бул факт "паспортту мыйзамсыз берүү" беренесинде каралган кылмыш белгилери боюнча катталып, учурда тергелип жатат", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Rusbayastan
2020-12-16 13:53:59
Отурасынарбы таратып салгыла паспортторду.
+9
maratbek88.88
2020-12-16 13:55:59
Бул жаңылык деле эмес Россияда канчалаган озбек тажиктер кыргыз паспорт жасатып алышып журот 10-15 минге патентсиз иштейбиз деп мен менен чогу иштеген озбектердинда паспорт жасатып алышыптыр.
+7
Baatirbek81
2020-12-16 14:37:57
Кыргызстан наш общий дом деп жатып ушуга келдик
Бизде качан мыйзам иштей баштайт!
+3
nazira...
2020-12-16 15:01:10
Мындай көрүнүштөрдү окуп, угуп келатабыз. Бирок бир да паспортстолдо иштегенди жоопко тартканын окуй элекмин. Эмне ушунчалык кыйынбы кайсы жерден алганы, ким жасап бергени.же УКМК менен биргеликте жасашабы. Паспортун сатканы элин сатканы менен барабар го, элинин, өзүнүн наамын булгаганы го. Күндө чөнтөгүнө түшүп турган шабашкалары деле жетет го. Өтө грубыйлар отурат негедир анан.
+6
Daniel8885
2020-12-16 15:57:37
Коррупцияга маалынган мамлекетпизда....бизде акчасын берсе любойун жасайт атка минерлерибиз
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан