Балыкчыда финансылык пирамида оюндарын уюштургандын иши сотко жөнөтүлдү

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында финансылык пирамида оюндарын уюштурган деп шектелип кармалган аялдардын иши тергелип бүтүп, соттун кароосуна жиберилди. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Буга чейин Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында финансылык пирамида оюндарын уюштурган деп шектелип 7 аял кармалганы боюнча маалымдалган.

Сотко чейинки өӊдүрүш иштеринин алкагында шектүү катары 19 адам кармалган. Алардын кылмыштуу ишмердүүлүгүнөн улам келтирилген зыяндын жалпы баасы 162 миллион 534 миӊ 620 сомду түзгөн.
1-декабрга карата алдамчылыктын 1337 фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери аяктап, соттун кароосуна жиберилген. Алдамчылыктын 30 фактысы боюнча өндүрүш иштери материалдык зыяндын орду толтурулгандыгына байланыштуу кыскарган. Катталган 1327 арыз бир өндүрүшкө бириктирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asmat84
2020-12-17 07:49:49
Ана сага 4 подушка 12 төшөк. Болбой эле биринин артынан бирин тартат. Менин артымдан жазыл, сага идиш аяк жолонгучу менен төшөк холодильник печка деп эле жаздырып аттынар эле
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан