Сокулукта жубайлар таксисти өлтүрүүгө аракет кылышкан. Алар айдоочунун телефонун жана 600 сом акчасын алып кетишкен

Чүйдүн Сокулук районунда каракчылыкка шектүү жубайлар кармалышты. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 12-декабрь күнү Сокулук РИИБинин Бишкек шаарындагы жаңы конуштардын биринин жашоочусу 19 жаштагы Ж.И. арыз менен кайрылган. Ал Бишкек шаарындагы такси кызматтарынын биринде иштеп жатып, 12-декабрь күнү болжол менен саат 20:00 чамаларында анын унаасына 20-25 жаш курактагы жигит менен кыз отурушкан. Алар таксистке Ново-Павловка айылына жеткирип коюсун суранышкан.

Айтылган дарекке жеткенден кийин унаадагы жүргүнчү айдоочуну коркутуп, моюнуна жип салып, анын телефонун жана жанындагы 600 сом акчасын алышып, айдоочуну таштап, унааны андан ары айдап из жашырып кетишкен. Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Милиция кызматкерлери тарабынан ошол эле күнү унаа окуя болгон жерден анча алыс эмес жерден табылып, ээсине кайтарылып берилген. Ал эми кылмышка шектүү жарандар Бишкек шаарындагы соода комплексттердин биринин жанынан кармалышкан. Алар 1998-жылы туулган Б.С. жана анын жубайы 1995-жылы туулган Э.Н. аттуу жарандар болушкан. Учурда кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, тергөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
faraon312
2020-12-16 16:21:15
Окшошкон эшектер
+4
tilek121277
2020-12-16 18:40:51
Бони и Клайд
0
jazmina909090
2020-12-16 22:24:39
Эжеме жездем жарашкан го.Капатаңар менен жерге киргиле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан