Ырчы Самара Каримова өзбек сериалына тартылууда

Ырчы Самара Каримова чыгармачылыктан тышкары тасмаларга тартылып, өзүн актриса катары да таанытып келет. Бул ирет ырчы айым көп сериялуу өзбек тасмасына тартылып жатканы өзү менен байланышканыбызда белгилүү болду.

"Өзбекстандык режиссёрдун "Кадырхан" деген сериалына тартылып баштадым. Тасмага тартылуу сунушун режиссёр өзү жасады. Ал мени буга чейин Ташкенттеги, Кремлдеги концертимде көрүптүр.

Сериалдын сценарийи чыныгы окуянын негизинде жазылыптыр. Фильмдин айрым эпизоддору Кыргыз өлкөсүндө 3 күн тынбай тартылды. Буюрса, алдыда Өзбекстанга барып, тартуу иштерине жана үн коштоого катышам", - дейт ал.

Ырчы коңшу өлкөнүн тасма жаратуучуларынан сунуш алуу чоң сыймык болгонун айтат. Самара Каримова тартылып жаткан сериал ат таптаган инсандын жашоосун баяндайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Almazhhhh
2020-12-17 09:57:15
Асан да журот экенда корунгондон кызганып.
+4
Allahim
2020-12-17 15:20:17
Almazhhhh,инстаграммда коруп калдым, суроо беришкен экен эле озунуз менен чогуу алып жургон 3 нерсе деп?Самара айым жооп жазыптыр ТЕСПЕ,ТЕЛЕФОН,АСАШКАМ деп
-3
zam81
2020-12-17 10:03:41
Жардын)
-2
nazira...
2020-12-17 18:34:40
Асашкасы чарчабады.бекен
+1
rola
2020-12-17 22:23:00
Кинодон дагы кийимдери кызыктыратго
+2
Zhainash
2020-12-18 10:34:54
Ийгилик Самара
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан