Бири экинчисин полго жаткырып алып "Шрек" деп айтканы үчүн урушуп, сөгүп полдогу аялга бычак такаган окуя боюнча сот чечим чыгарды. Анда сот эки кызды тең күнөөлүү деп таап, 5 жылдан эркинен ажыраткан. Бул тууралуу облустук соттон билдиришти.
Жогорудагы окуя ушул жылдын 17-августунда болгон. Жалал-Абад облусунун 26 жаштагы тургуну А.Б. укук коргоочуларга арыз менен кайрылып, ооруканада дарыланып чыккан. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 266-берене (бейбаштык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.
Экспертизанын жыйынтыгы менен тергөөнүн жүрүшүндө шектүүлөр камакка алынган. Алардын баш коргоо чарасы каралып, 26 жаштагы М.З. камакта калтырылып, анын шериги үй камагына чыгарылган.
Эскертүү: Видеодо сөгүнгөн сөздөр бар.