Бүгүн, 16-декабрда Сербиянын борбору Белград шаарында күрөш боюнча Дүйнө Кубогунун бешинчи күндүк беттештери өтүүдө. Бешинчи күндүк беттеште эркин күрөш боюнча кыргыз балбандары килем үстүнө чыгып жатышат.
Мелдешке 74 килограмм салмак ченинде катышкан кыргыз балбаны Саякбай Усупов турнирдин 1/8 финалына чыгып, беларустук Азамат Нуриковко 3:4 эсебинде жеңилип калды.