Бишкек шаарынын аймагында жыл башынан бери 858 жөө адамды унаа сүзсө, 879 жаран ар кандай жаракаттарды алса, 29 жаран көз жумган. Бул тууралуу патрулдук милициядан билдиришти.
Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу жөө жүргүнчүлөр катышкан жол кырсыктарынын саны 48 пайызга азайган.
Азыркы учурда Бишкек шаарынын аймагында сутка ичинде орто эсеп менен 6-8 жолу жол кырсыгы катталса, алардын ичинен 3-4тү жөө адамды сүзүү фактысы менен коштолот. Мындан улам милициянын кайгуул кызматы жөө жүргөн жарандарга кайрылат:
- Жөө адамдар жолдон өтүүдө унаа каттоочу жолдун ортосунан эмес, атайын жөө өтмөктөн өтүү;
- Жөө өтмөктөн өткөн учурда уюлдук телефонго жана кулакчынга алаксыбоо;
- Балдарды улуулардын көзөмөлүсүз жолго чыгарбоо;
Ошондой эле айдоочулар да мезгил талабына ылайык сөзсүз кышкы дөңгөлөктөр менен жүрүүгө милдеттүү.
Бул менен гана чектелбестен милициянын кайгуул кызматкерлери унаа жүрүүчү чоң жолдордо жөө өтмөктөн өтпөстөн жолду кесип өткөн жөө адамдарга Бузуулар жөнүндө кодекстин 125-беренесинин негизинде айып пул салынары эскертилүүдө.