Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында улгайган кишинин жансыз денеси батирден табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Куткаруучулар Кызыл-Кыя шаарындагы 1-кичи райондогу батирдин бекилип калган эшигин ачышып, үйдөн 1946-жылы туулган С.Н. аттуу эркек кишинин жансыз денесин табышкан. Маркумдун жансыз денеси милиция кызматкерлерине өткөрүлдү. 5 куткаруучу тартылган", - дешти мекемеден.