Жүрөгүнө бычак сайылып каза болгон 19 жаштагы жигиттин окуясы: Орусиянын тергөө башкармалыгы кылмыш ишин козгоду

Буга чейин 15-декабрда Москвада курьер болуп иштеген Кыргыз жаранын бычактап кеткени боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Орусиянын башкы тергөө башкармалыгынын расмий сайтына жарыяланды.

"Бул факты боюнча Орусия Федерациясынын Москва шаарынын тергөө башкармалыгы Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш ишин козгоду.

Тергөөнүн алдын ала маалыматы боюнча, 15-декабрь күнү Москвадагы Паустовский көчөсүндө жайгашкан үйдүн жанында тааныштардын ортосунда жаңжал чыгып, анын жүрүшүндө эркек адам жабырлануучунун көкүрөк тушуна бычак менен оор жаракат келтирип, андан кийин ал из жашырып кеткен. Ал эми жабырлануучу ооруканага жаткырылып, көрсөтүлгөн жардамга карабастан көз жумган. Учурда окуянын кылмышка тиешеси бар адамды камакка алууга багытталган тергөө иш-чаралары жүрүп жатат. Иликтөө иштери улантылууда", - деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, бычакталган бала 19 жашта экени, бычак жабырлануучунун жүрөгүнө тийгендиктен баланы сактап калуу мүмкүн болгон эместиги айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Lordbek
2020-12-17 13:29:34
Табылып жазасын алсын
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан