Дары-дармектерди мыйзамсыз алып келген канал аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 16-декабрда УКМКнын Чек ара кызматы менен биргеликте жүргүзгөн иш-чаралардын алкагында Талас облусундагы “Чоң Капка-Автожол” көзөмөл-өткөрмө пунктунан Кыргыз өлкөсүнүн аймагына мыйзамсыз жол менен алынып келе жаткан дары-дармектер кармалды.
"Кармалган дары-дармектердин 176 түрү салынган 100 кутучанын тиешелүү уруксат берүүчү кагаздары болгон эмес. Алдын ала эсептөөлөр боюнча кармалган жүктүн баасы 4 миллион сомдон ашык суммага барабар. Учурда товардын кайсы жактан алып келингенин тактоо максатында материалдар Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына жиберилди", - деп билдиришти УКМКдан.