Кечээ, 16-декабрда Бишкектин Тоголок Молдо менен Саадаев көчөлөрүнүн кесилишинде айдоочу жөө адамды сүзүп кетти. Бул тууралуу Патрулдук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.
"16-декабрда болжол менен эртең менен саат 07:30дар чамасында Хонда Степвагон үлгүсүндөгү унаа Тоголок Молдо жана Саадаев көчөлөрүнүн кесилишинде жөө адамды сүзүп алган. Кырсыктын натыйжасында жабырлануучу №4 Бишкек шаардык ооруканага жеткирилген", - деп билдиришти Патрулдук милициядан.