Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы менен Транспорт жана жол министрлигинин аймактык бөлүмүнүн башчысы кармалды.
Маалыматка ылайык, 16-декабрь күнү УКМК кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында Транспорт жана жол министрлигине караштуу автомобиль, суу транспорт жана салмак габаритти контролдоо агенттигинин аймактык бөлүмүнүн башчысын кармады.
Кармалган Т.К. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып Нарын дарыясы аркылуу өтүүчү көпүрөнүн курулушу боюнча долбоорду ишке ашырууда мамлекетке 17 миллион сомдон ашык суммада зыян келтиргени аныкталды.
Кармалган адам Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө жүрүүдө.