Бишкекте жөө адамды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды

Бишкекте жөө адамды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу патрулдук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 15-декабрь күнү саат 10:30 чамасында 7-апрель жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

"Кырсыктан 34 жаштагы М.Р. аттуу жаран жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Ал эми милиция кызматкерлеринин ыкчам-иликтөө иш-чараларынын негизинде Митсубиси-Лансер унаасы кармалган. Аны 26 жаштагы Ж.А. аттуу айдоочу башкарып бара жаткан. Айдоочу кармалып, Бишкек ШИИББинин тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилген. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери жүрүүдө", - деп билдирет басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан