11 ай ичинде республиканын аймагында 3 миң 101 мал уурдалган, 1475 мал ээлерине кайтарылып берилген. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Жыл башынан бери кээ бир адамдардын кылмыштуу аракеттеринин натыйжасында жарандарга келтирилген материалдык чыгым 71 миллион 210 миң сомду түзүп, анын 39 миллион 61 миң сому өндүрүлүп берилген.
Маалыматка ылайык, 1279 майда мүйүздүү мал уурдалган, 542си кайтарылган, 698 жылкы уурдалган, 354ү кайтарылган. Уурулук фактысы түнкүсүн дээрлик эки эсеге көбөйгөн. 438 мал айыл чарба имараттарынан, 476 мал жайыт жерлеринен уурдалган. Бул мезгил аралыгында өлкөдө мал уурулук менен алектенген 253 адам кармалган, анын 119 камакта жана 134үнө карата бөгөт чарасы катары үй камагы тандалган.
Кармалгандардын жаш курагы: жашы жете электер - 21; 18 жаштан 30 жашка чейин - 120, 30 жаштан 40 жашка чейин – 87, 40 жаштан жогору - 25. Буга чейин ушул сыяктуу кылмыштар үчүн соттолгон - 49.
Мындан тышкары, мал уурулук менен алектенген 137 адамдан турган 56 кылмыштуу топтун ишине бөгөт коюлуп, алар тараптан 146 кылмыш жасалганы аныкталган.