Бишкекте туристти тоноп кетишти. Милиция шектүүлөрдү издөөдө

Бишкекте Пакистандан келген туристти сабап, 600 долларын жана 5 миң сомун карактап кетишти. Учурда милиция кызматкерлери шектүүлөрдү издеп жатканын Биринчи Май РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 16-декабрь күнү болжол менен саат 18:00 чамасында Бишкек ШИИББинин "102" кызматына Жибек-Жолу жана Кулиев көчөлөрүнүн кесилишинде чет элдик жарандын тонолгондугу тууралуу билдирүү келип түшкөн.

"Милиция кызматкерлери чакыруу болгон жерге барышканда Пакистандын 1984-жылы туулган А.Г аттуу жараны белгисиз адамдарга чара көрүү өтүнүчү менен арыз жазган. Анда ошол эле күнү саат 17:20 чамасында Жибек-Жолу жана Кулиев көчөлөрүнүн кесилишине жакын жерде белгисиз жарандар ага карата күч колдонуп, сумкасын тартып алып, белгисиз тарапка качып кетишкен. Сумканын ичинде 600 доллар, 5 миң сом, Самсунг үлгүсүндөгү уюлдук телефону, паспорт жана банк карталары болгон.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 201-берене (тоноо) боюнча каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды", - деп билдиришти маалымат кызматынан.
Учурда кылмышка шектүүлөрдү кармоо боюнча тергөө жана издөө иш-чаралары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Dilzatka
2020-12-18 11:02:42
Уят эле, ушинтип жатсак бизге турист келеби
+1
Chungyz
2020-12-18 11:11:51
Турист озу тугонгон адамдар жака барса ошондой болот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан