Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында турак үйлөрдүн биринен өрт чыгып, кырсыктын кесепетинен 46 жаштагы жаран каза болду.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, 17-декабрда Карл Маркс көчөсүндөгү турак үйдөн өрт чыгып, аянты 8 чарчы метр болгон бөлмө жана үй буюмдары күйгөн. Өрттүн кесепетинен 1974-жылы туулган эркек киши каза болду. Учурда өрттүн себеби такталып жатканын билдиришти мекемеден.