Бишкекте 12 жаштагы баланы унаасы менен сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу колго түшүрүлдү. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашты.
Малыматка ылайык, 3-декабрда болжол менен саат 07:50 чамасында Токомбаев жана 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишинен айдоочу унаасы менен 2008-жылы туулган Б.Э. аттуу жаранды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен.
"Бул факты боюнча милициянын кайгуул кызматы издөө иш-чараларын жүргүзүп, 16-декабрда кылмышка шектүү катары 1994-жылы туулган Т.Ж. аттуу жаранды колго түшүрүштү.
Унаа убактылуу атайын жайга токтотулуп, иш Бишкек ШИИББинин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди", - дешти мекемеден.