Бишкек шаарында Жалал-Абад облусунда жана Сузак районунда 2020-жылдын октябрь айында орун алган атышууга катышкан уюшкан кылмыштуу топтун 5 мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Кармалган үч адамга карата Жалал-Абад облустук соту тарабынан УКМК Ош шаардык башкармалыгынын тергөө камак жайына 2 ай мөөнөткө камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасы каралды. Калган эки адам азык-процесстик кодексинин 98-беренесинин негизинде Бишкек шаарындагы Кыргыз Республикасынын УКМК убактылуу кармоочу жайынын тергөө камак жайына киргизилди", - деп жазылат билдирүүдө.
Мындан тышкары, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында УКМК тарабынан мурда кармалган уюшкан кылмыштуу топтун жигердүү мүчөсү, Чач каймана аты менен белгилүү болгон Э.Мурзахметовдун жогорудагы кылмышка түздөн-түз тиешеси бар экендиги жөнүндө кошумча күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү алынган.
Кармалган кылмышкерлерге карата, алардын башка бир катар башка мыйзамсыз фактыларга (опузалап талап-тоноо, куралдуу кол салуулар, ок атуучу куралды жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү, денеге оор залал келтирүү, рейдерлик басып алуулар) тиешеси бар экендигин аныктоо боюнча ыкчам тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.