Кара-Сууда төрт жашар бала ойноп жатып ышкырык жутуп алып каза болду

Бүгүн, 18-декабрда Ош облусунун Кара-Суу районунда төрт жашар бала ойноп жатып желим ышкырыкты жутуп алып каза болду деген маалымат тараган. Бул боюнча Ош ОИИББинине байланышканыбызда маалыматты тастыкташты.

Ага ылайык, окуя кечээ, 17-декабрь күнү Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылында болгон.

"Төрт жаштагы бала өз үйүндө желим ышкырыгы менен ойноп жатып, аны кокусунан жутуп алган. Үйүндөгүлөр өз алдынча жардам берүүгө аракет кылышкан.Тилекке каршы, бала каза болуп калды", - деп билдиришти Ош ОИИББинен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Danil-adil-
2020-12-18 21:43:19
Азыр, балдарыбызга оюнчук бериштенда коркосун. Торт жашаар бала козго корунуп,кадыресе киши корунуп калатго козубузго. Сабыр ата-энесине
+6
Omyke
2020-12-18 22:41:48
Сабыр берсин ата энесине
+5
Peri__92
2020-12-19 17:04:39
Ата-энесине сабыр берсин, этияттайлычы балдарыбызды..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан