Бишкектин Дэн Сяопин көчөсүндөгү ашканалардын биринде өзү мас болуп, колуна бычак менен аялды кармап коркутуп, ашкананын эшигин бекитип алган окуя эсиңиздеби? Анда маалымдалгандай, аялды коркутуп, колундагы бычагы менен аны сайып жиберген деген шек менен 36 жаштагы адам кармалган болчу. Окуя ушул жылдын 17-июнь күнү болгон, аял алган жаракатынан улам 1 күндөн кийин ооруканада көз жумган.
Бул кылмышка шектүү К.С.ны Бишкектин Биринчи Май райондук соту күнөөлүү деп таап 15 жылга эркинен ажыратты. Соттун чечими Жогорку Соттун сайтына жарыяланды.
Анда жазылгандай, айыпталуучу К.С. өзүнүн көрсөтмөсүндө бычакталган аял - Д.к.М. менен 2019-жылы таанышып, жакын мамиледе жүргөнүн айткан. Бирок кийин Д.к.М. ага мамилени токтото турганын билдирип, андан кеткен. Кийинчерээк К.С. ал аялдын башка адам менен мамиле курганын угуп, аны кылмышты жасаган ашканага издеп барган. Мас абалында андагы башка адамдарды сыртка коркутуп чыгарып өзү Д.к.М. менен ашкананын ичинде жалгыз калышкан. Анын колунда атайын алып келген бычагы болгон. Сыртка чыккан кыздар жардам сурап жакын жайгашкан унаа жуучу жайдан жигиттерди ээрчитип келишкен. Ошол учурда К.С. кызганычтан улам аялдын моюнуна бычак сайганын, аялды атайлап өлтүрүү ою болбогонун көрсөтмөсүндө айткан.
Маалыматта айыпталуучу аялга бычак сайгандан кийин ага кайра жардам көрсөтпөгөнү, тескерисинче, көп кан кеткенге чейин 2 сааттай кармап отурганы жазылат.
Жабырлануучу тараптын өкүлү айыпталуучу мыйзам чегинде жазасын алсын деп өтүнгөн. Тиешелүү бардык экспертизалар жүргүзүлгөн. Анда аял көп кан жоготкондон улам каза болгондугу дагы жазылган. Сот бардык жагдайларды эске алуу менен К.С.ны 15 жылга эркинен ажыратуу чечимин кабыл алган.