Бишкекте май куюучу жайдын жанынан өрт чыкты

Бүгүн, 19-декабрда Бишкек шаарындагы Каралаев менен Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан сервистик тейлөө борборунан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Алдын ала маалымат боюнча, С.Каралаев менен И.Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан сервистик тейлөө борборунан (унаа жуучу жай эмес) өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 10:16да Октябрь райондук №5 өрткө каршы бөлүмүнөн 1 бөлүм, саат 10:20да Свердлов районунан 1 бөлүм, саат 10:27де Биринчи Май районунан 1 бөлүм, жалпы 3 бөлүм тартылган. Кошумча маалымат берилет", - деп билдиришти ӨКМдан.

Бишкекте өрт жыкты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан