"Сатып жаткан жеринен кармалышкан". Автоунааларды айдап качууга шектелип өспүрүм балдар кармалды

Бишкек шаарында жана Чүй облустарында бир нече автоунаа уурдоого шектелип 18 жашка чыга элек өспүрүм балдар кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, буга чейин Аламүдүн РИИБине Т.К. аттуу жаран арыз менен кайрылып, үстүбүздөгү жылдын 26-ноябрь күнү анын Октябрь айылындагы гаражына белгисиз бирөөлөр киришип, “Дэу Нексия” үлгүсүндөгү автоунаасын белгисиз тарапка айдап кетишкенин билдирген.

"Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине жазык кодексинин 206-беренеси (Автотранспорт каражаттарын айдай качуу) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Кылмыштын бетин ачуу максатында жогорудагы окуя боюнча тергөө амалдары жүргүзүлгөн. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, автоунаа саткан жайлардын биринен унаа сатып жатышкан жеринен 16 жаштагы Ж.А. жана 17 жаштагы М.Д. аттуу балдар кармалышкан. Кармалган жарандар буга чейин Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында бир нече автоунаа каражаттарын айдай качуу фактысына тиешеси бар экендиги аныкталган", - деп жазылат маалыматта.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asmat84
2020-12-20 13:13:04
Кысталаак жаш эле туруп ушундай ишке барышса...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан