Акыркы учурда популярдуулугу боюнча алдыга чыккан Тикток социалдык тармагынын колдонуучулары күндөн-күнгө артып, кызыктуу, тамашалуу, күлкүлүү видеолор дагы көбөйдү. Бул ирет Тиктоктун кезектеги "вируска" айланган видеолорунун бири "Не корона бро?" болду. Аталган видеону аткаргандардын катарын шоу-бизнестин өкүлдөрү толуктады. Бул жолу биз челленджге катышкандарды топтодук.
Ырчы Арсен менен алып баруучу Улан Барпиев.
Ырчы Кызсайкал Кабылова челленджге жеңеси менен катышты.
Актёрлор Актан Рыскелдиев менен Чыңгыз Султанов.
Ырчы Чолпон Талипбектин эгиз сиңдилери Медина жана Мадина Талипбек.
Актриса Роза Азимбаева челленджге шериги жок катышты.
Ырчы Айдана Дека видеону ырчы Илгиз Абдалиевдин жубайы Назима жана Айпери Эрматова менен тартты.
Ырчы Максат Садырбеков дагы челленджди улады.