Дүйнө Кубогу: 2 алтын, 1 коло медаль уткан кыз-келиндер курамасы Бишкекке келди

Бүгүн, 19-декабрда "Манас" эл аралык аэропортунда күрөш боюнча Дүйнө Кубогуна катышкан Кыргыз өлкөсүнүн кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команда Бишкекке келди. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти.

Дүйнө Кубогунун жеңүүчүлөрүн жана байге ээлеринин Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Канатбек Арпачиев, күрөш федерациясынын вице-президенти Байгазы Кенжебаев, Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Жоомарт Шамканов, спортчулардын ата-энелери, туугандары жана достору тосуп алышты. Ошондой эле аэропортто жүздөгөн спорт күйөрмандары чогулушту.

Канатбек Арпачиев салт боюнча кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын машыктыруучусу Нурбек Изабековго калпак менен чепкен кийгизип, команданы, машыктыруучуну куттуктап, келечекте дагы ийгиликтер болуусун каалады.

Кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрү 2 алтын жана 1 коло медалга ээ болушту.

1-орун – Айсулуу Тыныбекова, 62 кг чейинки салмактык категорияда;
1–орун – Мээрим Жуманазарова, 68 кг чейинки салмактык категорияда;
3-орун – Айпери Медет кызы, 76 кг чейинки салмактык категорияда.

Белгилей кетсек, спортчулар Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан иш сапарга жөнөтүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
talas0707
2020-12-19 12:58:05
Азаматтар. Куттуктайбыз!
+5
Pankration_MMA
2020-12-19 13:59:01
Болду эми Турмушка чыккыла үчөөңтең!!!
+6
Nurtilek82
2020-12-20 11:15:11
Аттин бойдок болгондо Мееримге уйлонмокмун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан