Бишкекте май куюучу жайдын жанынан чыккан өрттөн бир адам каза болду

Бүгүн, 19-декабрда Бишкек шаарындагы Каралаев менен Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан сервистик тейлөө борборунан өрт чыкканы маалымдалган. Өрттүн кесепетинен 1 адам каза болуп, 3 адам жаракат алды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Алдын ала маалыматтар боюнча, 57 жаштагы каза болгон маркум аталган борбордун кызматкери. Ал эми жаракат алган 3 адам ооруканага жеткирилди. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери иликтенүүдө", - деп билдирди маалымат кызматы.

Белгилей кетсек, өрттү өчүрүүгө саат 10:16да Октябрь райондук №5 өрткө каршы бөлүмүнөн 1 бөлүм, саат 10:20да Свердлов районунан 1 бөлүм, саат 10:27де Биринчи Май районунан 1 бөлүм, жалпы 3 бөлүм тартылганын ӨКМдан билдиришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан