Агы менен карасы, ачуусу менен таттуусу эриш-аркак жүргөн турмушта табышуу, ажырашуу болуп келет. Чычкан жылын узатып жатып эл көзүндөгү белгилүүлөрдүн жашоосу кандай нукка бурулганына көз салдык. Бул жолу түбөлүгү түз болбой, эки башка жолго түшкөн белгилүүлөрдү тизмектеп көрдүк.
Февраль айында "Жылаңач баатыр" реалити-шоусунун катышуучусу, ырчы Саниа күйөөсү менен эки ажырым жолго түшкөнү белгилүү болду. Ал ажырашуу оор болгонун, артка жол жок экенин билдирген.
Эске салсак, Саниа жолдошу экөө көп жыл кыз-жигит катары сүйлөшүп жүрүп баш кошушкан.
Март айында алып баруучу, журналист Канышай Рысбекова жолдошу менен ажырашканын ачыктап, бул процесс кош бойлуулуктун экинчи айында болгонун айткан.
"Ажырашуу темасын жолдошум көтөрүп "балаңды төрөсөң төрө, төрөбөсөң кой" деген тандоо койгон. Мен баламды сактап калууну тандадым. "Жардам береби? Баласын жакшы көрөбү?" дегендерге жооп, анча-мынча акчалай жардам берет, кээде жок, баласына 1-2 айда 5-10 мүнөт көргөнгө убакыт табат. Ага таарынычым жок, болгону бакыт каалайм!" - деген.
Канышай Рысбекова 2017-жылдын 30-ноябрында Нурлан аттуу мырзага турмушка чыгып, 1-декабрь күнү мыйзамдуу түрдө никеге турушкан. Ал эми 12-декабрда борбордогу тойканалардын биринен заманбап үйлөнүү тоюн өткөрүшкөн.
Алпаруучу Нурзат Токтосунова жолдошу менен ажырашканын социалдык тармактагы баракчасы аркылуу коомго октябрь айында айтып чыккан.
Нурзат Токтосунова 2015-жылы Максат Надырбековго турмушка чыгып, 2016-жылы заманбап тоюн Бишкек шаарындагы тойканалардын биринде өткөрүшкөн. Түгөйлөр 2019-жылы кыздуу болушкан.
“Министрдин кызынын махабаты” тасмасында Зинанын ролу менен таанылган актриса Роза Азимбаева дагы бул тизмекти толуктады. Актриса жолдошу менен эки башка жолго түшкөнү октябрь айында маалым болду.
"Жолдошум экөөбүздүн максатыбыз, тилегибиз, аракетибиз бир болгон жок. Экөөбүз эки башка адам болуп чыктык. Июль айында ажырашканбыз", - деген ал.