Бишкектеги май куюучу жайдын жанынан чыккан дүкөндүн жарылгандагы видеосу тарады

Социалдык тармактарда Бишкектеги май куюучу жайдын жанынан чыккан өрттүн видеосу жарыяланды. Өз кезегинде Өзгөчө кырдаалдар министрлиги каза болгон жана жабыркаган жарандар боюнча маалымат таратты.

"Бишкек шаарындагы Октябрь районунунда, такталган маалымат боюнча, Каралаев менен Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан "Снежный Барс" сервистик тейлөө борборунан чыккан өрт саат 13:11де толук өчүрүлдү. Өрттүн кесепетинен 1963-жылы туулган К.Б. аттуу эркек киши каза болуп, 3 эркек киши жабыркаган, аты-жөндөрү такталууда", - деп билдиришти ӨКМдан.

Буга чейин Октябрь РИИБи жаракат алган 3 адам ооруканага жеткирилгенин, учурда өрттүн келип чыгуу себептери иликтенип жатканын билдирген.

Бишкектеги май куюучу жайдын жанынан чыккан дүкөндүн жарылгандагы видеосу тарады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
souza.j
2020-12-19 18:21:00
Анонс түшүнүксүз болуп калыптыр
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан