Бишкекте шаар тургундары үчүн жаңы курьердик кызмат ачылды.
"Пони Экспресс" жана "Жаңы почта" курьердик компаниялары биргеликте "Экспресс почта" аттуу жаңы долбоорду ишке киргизишти.
Долбоордун негизги максаты - курьердик кызматтарды колдонгон кардарларга дагы да жакыныраак болуу. Эми бандероль, посылка жиберүү дагы да оңой болот. Курьер үйүңүзгө келип, жөнөтүүчү катыңызды алып кетишин күтүүнүн же курьердик кызматтардын кеңсесине баруунун кажети жок.
Мындан ары сиз "Экспресс почта" кабыл алуу жана жиберүү жайларына өзүңүзгө ыңгайлуу болгон убакытта кайрыла аласыз.
Кабыл алуу жана жиберүү жайлары Бишкектеги ири "Фрунзе" гипермаркеттеринде ачылмакчы. Бул сизге дүйнөнүн кайсы бурчунан болбосун сапаттуу түрдө кабыл алуу жана жеткирүү кызматын пайдаланууга мүмкүн.
Бүгүн, 19-декабрда "Экспресс почта" кабыл алуу жана жеткирүү борбору Горький жана Алма-Ата көчөлөрүнүн кесилишиндеги жана "Дордой Плаза" соода түйүнүндөгү "Фрунзе" гипермаркеттеринде ачылды. Иштөө убактысы күн сайын 10:00дөн 21:00гө чейин.
Кийинки айда Жибек Жолу көчөсүндө Батыш автовокзалына жакын жайгашкан жана Баха-Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан "Фрунзе" гипермаркетинде кабыл алуу жана жиберүү борборлорунун ачылышы пландалып жатат. Биздин тармактын мындан ары өнүгүшүн сайттан же Инстаграмдагы баракчабыздан билип тура аласыз. Бизге катталып, көбүрөөк маалымат алыңыз.
Сиз бизге ишеним билдирсеңиз болот! Биз ири эл аралык уюмдар, элчиликтер, интернет дүкөндөрү, уюлдук операторлор жана эң негизгиси ата мекендик өндүрүүчүлөр менен тыгыз иштешебиз.
Биздин негизги максат - Кыргызстан боюнча жана бүткүл дүйнө боюнча ишенимдүү жана жеткиликтүү курьердик кызматтарды көрсөтүү.
Көрсөтүлүп жаткан кызматтын сапаты, кардарлардын керектөөлөрүн канааттандыруу, ошондой эле Кыргызстан боюнча логистикалык тармакта алдыңкы болуу биздин артыкчылыктуу багытыбыз.
"Экспресс почта" Орусия жана Кыргызстандагы курьердик тармакта эң алдыңкы компаниялардын бири. Бүгүнкү күндө анын 60тан ашык экспресс борборлору жана Орусия жергесинде 128 өкүлчүлүгү бар.
Ошондой эле Казакстан, Украина, Беларусь, Өзбекстан, Азербайжан, Молдова, Армения жана Балтика өлкөлөрүндө өкүлчүлүктөрү ачылган.
Ал эми "Жаңы почта" бул жаш жана дымактуу компания. Анын ачылганына бир жыл болгонуна карабай, бат кызмат көрсөтүү, сапаттуу жана ар бир кардарга кам көргөнү үчүн кардарлардын ишенимине татый алды.
Биз кардарларга төмөнкү кызматтарды сунуштайбыз.
Экспресс жеткирүү;
Үнөмдүү жеткирүү;
"Эшиктен эшикке чейин" аталышындагы эл аралык жеткирүү;
Интернет магазиндери үчүн республика ичинде жана дүйнөлүк алкакта жеткирүү.
Экспресс кызматтарын колдонуу менен сиз убактыңызды үнөмдөп, ден соолугуңузду сактаңыз. Биз бул үчүн кам көрөбүз!