Кечээ, 19-декабрь күнү саат 21:44 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда жол кырсыгы катталып 7 адам каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 66-чакырымында Volkswagen Vento менен Kia K5 үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен 3 эркек жана 4 аял кишилер каза болушуп, 4 адам жабыркаган. Жерине куткаруучулар тартылып, каза болгон адамдарды унаадан чыгарып ИИМ кызматкерлерине, ал эми жабыркаган адамдарды "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүп беришти", - деп билдиришти ӨКМдан.