Бишкекте эч себепсиз жаранды сабап, денесине залал келтиргенге шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББдин басма сөз кызматынан билдиришти.
19-сентябрь күнү Биринчи Май РИИБине Т.И. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү саат 01:00 чамасында Мурас-Ордо конушунда арыз ээсин эч себепсиз сабап, денесинен ар кандай жаракат келтиришкен.
"Бул факты Биринчи Май РИИБине Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "бейбаштык" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1994-жылы туулган А.А. жана 1990-жылы туулган Б.А. аттуу жаран кармалып, тергөө кызматына жеткирилди", - деп жазылат маалыматта.
Учурда тергөө иштери улантылууда.