Токмокто 7 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгынан дагы бир адам каза болду

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда 7 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгынан дагы бир адам каза болду. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал ооруканада каза болгон.

19-декабрь күнү Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 66-чакырымында Volkswagen Vento менен Kia K5 үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен 3 эркек жана 4 аял киши каза болгон. Дагы 4 адам жабыркаган. Жерине куткаруучулар тартылып, каза болгон адамдарды унаадан чыгарып ИИМ кызматкерлерине, ал эми жабыркаган адамдарды "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан