Кара-Көлдө айдоочу рулга ээ боло албай калып жүк ташуучу унаа оодарылып кетти

Жалал-Абад облусуна караштуу Кара-Көл шаарында оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу рулду башкара албай калып оодарылып кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Бишкек-Ош унаа жолунун 393-чакырымында (Торту тилкеси) MAN үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдун жээгине оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 22 жаштагы А.С. аттуу жаран жаракат алган. Жерине 4 куткаруучу тартылган", - деп жазылат маалыматта.

Жабыркаган адамды унаадан чыгарып, "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан