Чүйдүн Ысык-Ата районунда мыйзамсыз баңгизатын сактоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 4-декабрь күнү сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында Ысык-Ата РИИБинин кызматкерлери тарабынан Ново-Покровка айылындагы үйлөрдүн бирине тинтүү жүргүзүлүп, аталган үйдө катылган зат табылган.
Жүргүзүлгөн химиялык экспертизанын жыйынтыгында алынган зат марихуана бангизаты экендиги аныкталып, жалпы салмагы 3 килограмм 200 граммды түзгөн. Үйдүн ээси 40 жаштагы Д.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.