Ысык-Көлдө тез ойнолуучу шахмат боюнча мелдеш өтөт
5-6-октябрь күндөрү Ысык-Көл облусунда "Тынчтыкта гүлдөп-өсүү үчүн" деген ураандын астында тез ойнолуучу шахмат боюнча республикалык мелдеш өтөт. Мелдеш Ысык-Көл райондук шахмат федерациясынын ачылышына байланыштуу өткөрүлүүдө. Иш-чарага өлкө аймактарынан келген шахмат чеберлери катышып, жеңүүчүлөргө баалуу белектер тапшырылат.