Чүйдө уурулукка шектүү жаран кармалды

Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунда уурулукка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, Аламүдүн РИИБине жергиликтүү Б.О аттуу тургун арыз менен кайрылып, үйүнүн короосуна белгисиз бирөө кирип, анын Okelon үлгүсүндөгү үч велосипедин уурдап кеткенин билдирген. Келтирилген материалдык чыгым такталууда.

"Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 200-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 29 жаштагы Т.Р. атуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган", - деп айтылат маалыматта.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан