Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда 8 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгынан каза болгондор бир үй-бүлө. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чүй облустук жол кыймылынын коопсузудугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Volkswagen Vento унаасынан 6 адам, Kia K5 унаасынан 2 адам каза болгон. Ал эми ооруканада 3 адам жатат.
" Volkswagen Vento унаанын ичинде айдоочунун ата-энеси жубайы жана 3 баласы болгон. Кырсык болгондон кийин унаада 2 гана бала аман калып, алар ооруканага жеткирилген. Бирок көп узабай аман калган баланын бири да каза болгон", - деп билдирет басма сөз кызматынан.
19-декабрь күнү Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 66-чакырымында Volkswagen Vento менен Kia K5 үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен 3 эркек жана 4 аял киши каза болгон. Дагы 4 адам жабыркаган. Жерине куткаруучулар тартылып, каза болгон адамдарды унаадан чыгарып ИИМ кызматкерлерине, ал эми жабыркаган адамдарды "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүп беришкен.