
Абактагыларды мунапыс менен бошотуу үчүн акча талап кылган жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.
"Текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө, бир жаран "УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин жакын тууганы Санжар Муканбетов Турдукожоевичмин" деп тааныштырып, соттолгондорду мунапыс аркылуу бошотуу шылтоосу менен акча алып жүргөн. Иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, кармалган жаран 1987-жылы туулган Санжар Салибаев экени аныкталды. Ал Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Молдовановка айылындагы абакта "Алдамчылык”, "Документ жасоо" жана "Качуу" беренелери боюнча жаза өтөп жаткан", - деп жазылат маалыматта.
Ошондой эле УКМК мунапыс жарыялоо алардын компетенциясына тиешелүү эмес экенин, ал "Мунапыс берүүнүн негиздери жана аны колдонуунун тартиби жөнүндө" мыйзам сот органдары тарабынан колдонулаарын кошумчалашты.