Кечээ, 20-декабрда Талас районунун Чуңкур-Ашуу капчыгайында жылкыларды Казакстанга мыйзамсыз айдап өтүп бара жаткандар токтотулду. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.
"Чек арачылар Ички иштер министрлиги менен биргеликте мамлекеттик чек арадан өтүп, Кыргыз өлкөсүнөн Казакстанга өткөрүү пунктунан тышкары жерде жылкыларды мыйзамсыз айдап өтүүгө аракет кылган эки жаранды табышкан. Кармалгандардын биринин айтымында, үйүрдүн ээси аларга акчалай сыйлык үчүн чек арадан жылкыларды айдап өтүүнү суранган.
Кармоо учурунда жарандар каршылык көрсөтүп, качып кетишкен. Кийинчерээк алардын бири өз ыктыяры менен чек арачыларга жана Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине колго түштү", - деп билдиришти аталган кызматтан.
Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган адам жана жылкылар кошумча иликтөө үчүн укук коргоо органдарынын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.