Ош облусунда бир жума ичинде катталган кылмыштардын тизмеси

Ош ОИИБинин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине бир жума ичинде 69 кылмыш жана 37 жорук катталды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда Ош облусунун аймагында абал туруктуу, кырдаал тынч.

"14-декабрдан 20-декабрь күнгө чейинки убакытта Ош ОИИБинин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 69 кылмыш жана 37 жорук иши катталган. Жалпы кылмыш жана жоруктардын саны – 106, алардын ичинен - 86 бети ачылган.

Урдоо-1, авто каражатын айдай качуу-2, алдамчылык-13, жол унаа кырсыгы-13, бейбаштык-2, ден соолукка жеңил зыян келтирүү-7, майда бейбаштык-9, орчунду эмес өлчөмдөгү алдамчылык-1, орчунду эмес өлчөмдөгү урдоо-2, баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз өндүрүү-1 жана башкалар-33", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан