Жумгал районунда кыз ала качуу фактысы катталды

Нарын облусунун Жумгал районунда кыз ала качуу фактысы катталды. Бул тууралуу Нарын ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга 20 жаштагы кыздын апасы арыз менен кайрылган. Арызда окуя 19-декабрь күнү саат 16:00 чамасында кызды көчөдөн Байзак айылына ала качып кеткени жазылган.

"Кыздын артынан апасы кууп барып, кызын алып келген. Андан соң арыз жазган. Учурда бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иши уланууда",- деп билдирди басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан