Нарын облусунун Кочкор районунда иске уулангандар боюнча SUPER.KG порталына айылдаштары маалымат берди.
Айылдык тургундардын айтымында, 39 жаштагы келин 3 кызы менен каза болгон. Алардын сөөгү кечээ жерге берилген.
"Келин жолдошу менен ажырашып кетип, өзү Кочкор районунда балдары менен жашап жүргөн экен. Аларды 3 күн бою эч ким байкаган эмес. Кырсыктан аял, 11, 9, 7 жаштагы кыздары каза болду. Ал эми уулу ооруканадан дарыланып, кечээ үйүнө чыгып келди", - деди айылдаштары.
Ал эми Нарын ОИИБинин маалыматты боюнча "18-декабрь күнү саат 17:20 чамасында милицияга арыз түшкөн. Арызда Кочкор районунун Теңдик айылында жашаган карындашым үч күндөн бери телефон албай жатканынан үйүнө келсек, 3 баласы, өзү каза болуп калыптыр деп Кочкор районунун 1958-жылы туулган тургуну кайрылган.
Аталган билдирүү Кочкор РИИБинде текшерүүгө алынган. Азыркы учурда жогоруда каза болгондор эмне себептен каза болгонун аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалып, териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат", - деп жазылат маалыматта.
Буга чейин Нарын облусунун Кочкор районунда иске ууланып, 4 адам каза болгонун облустук милициядан билдиришкен. Анда алар аял эки баласы жана балдардын таятасы каза болду деп беришкен.